“Ата Мекен” партиясынан парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин тизмесинен Мелис Мырзакматов чыгарылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди. Экс-мэр тизмеде үчүнчү болуп турат. “Ата Мекен” эч качан айткан сөзүнөн кайткан эмес. Бул салт бузулбайт”,- деп айтылат маалыматта. Алар 18-августта тизмени БШКга тапшырды.
Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Чечимди облустук сот да күчүндө калтырган.
Бул анын шайлоого катышуу укугунан ажыратарын БШК адистери ырасташууда. (SE)