Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Чычкан капчыгайындагы күчөп бараткан өрттөн улам 19-августка караган түнү чукул жыйын өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында бир апта мурун башталган өрт күчөп баратат жана жайылып кетүү коркунучунда.
Адистердин эсебинде Бишкек-Ош жолунун боюндагы 60 гектарга жакын жерде кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. Өрттү өчүрүү аракеттери уланууда. Тилсиз жоону токтотууга 200 ашуун адам тартылган.
Боронов он-лайн ыкмада өткөргөн чукул жыйынга министрликке баш ийген бүт кызматтардын башчылары жана Токтогул районунун акими катышты. Министр жайкы аптаптан улам күчөп бараткан өрткө каршы күрөштү күчөтүүнү буйруду.(SE)