Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Өзбекстан аймагындагы Кыргызстан электр линиясы көчүрүлөт


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл өкмөтүнө баруучу электр линиясынын Өзбекстандын аймагындагы 5 километр бөлүгү Кыргызстанга көчүрүлөт. Совет учурунда тартылып, эгемендик алгандан кийин Өзбекстан аймагында калып кеткен линияны оңдоп-түзөө иштери коңшу өлкөнүн чек арадагы катаал эрежелеринен улам кыйынчылык жаратып келген. Ошондуктан, быйыл “Жалалабадэлектр” ишканасы линияны өлкө аймагына көчүрүү ишин жандантты. Бул тууралуу мекеменин техникалык директору Сардар Мамашов “Азаттыкка” билдирди.

“Жалалабадэлектр” ачык акционердик коому 7 ай аралыгында облус аймагындагы 35 жогорку чыңалуудагы жана 22 майда көмөк чордонду оңдоп-түзөттү. Муну менен аймактагы кышка даярдык 70 пайызга аткарылды.

“Жалалабадэлектр” облустагы 210 миңден ашуун кардарды тейлеген ишкана. (RsK)

XS
SM
MD
LG