Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

Ким Чен Ын аскердик даярдыгын күчөттү


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өлкө аскерин согуштук даярдыкта турууга чакырганын маалымат булактары кабарлады. Шаршембиде Түндүк Корея менен Түштүк Корея мамлекеттери бири-бирине замбиректен ок атышкан болчу. Кабарларга караганда ок атууну алгач Пхеньян баштаган. Сеул ага жооп кайтарган. Мындан улам Ким Чен Ын Борбордук аскер комитетин чукул жыйынга чогултуп, салгылашууга даяр болууну тапшырды.

Пхеньян буга чейин Түндүк Кореяга сын айтылып, ошол эле учурда Түштүк Кореянын демократиялык системасын кубаттоо сөздөрү таратылып жатканы үчүн Сеулдан өч аларын эскерткен. (SE)

XS
SM
MD
LG