Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

УКМК: атайын операция иши тергелип бүтө элек


16-июлда Бишкекте өткөрүлгөн террорго каршы атайын операция боюнча иш тергелип бүтө элек. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Разат Сулайманов билдирди. Анын маалыматында учурда тергөө иштери улантылып жатат жана качан бүтөрү белгисиз.

Ушул жылдын 16-июлунда атайын кызмат Бишкектин эки жеринде террорчуларга каршы операция уюштурган. Анда төрт жоочу жок кылынып, жети адам террорчу деп шектелип камакка алынган. Операция учурунда беш үй толугу менен күйүп кеткен.

УКМК жанкечти деп шектелгендер тергөөнүн божомолунда 17-июлда Орозо айт намазы учурунда жана Канттагы Орусиянын авиабазасында жардыруу уюштурмай болгонун айтып чыккан. (UEz)

XS
SM
MD
LG