Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Македония чек арадагы мигранттарга көздөн жаш агызчу газ колдонду


Македония полициясы Греция тараптан өлкө аймагына өтүүгө аракеттенген мигранттар менен бозгундарга көздөн жаш агызчу газ жана шоокумдуу граната колдонду.

Кечээ өлкө Грециядан Евробиримдиктин башка мамлекеттерине өтүү үчүн Македонияга кирүүгө умтулган мигранттардын жолун тороо максатында чек арада өзгөчө абал жарыялаган. Мындан улам Сириядан, Ооганстандан жана Түндүк Африкадан чыккан миң чакты качкын менен мигранттар бүгүнкү таңды грек-македон чек арасында тосушту. Алар чек ара жабылган соң полицияга кол салууга бир канча жолу аракет жасап, кеминде төрт адам жаракат алганы кабарланды.

Македония - Евробиримдик аймагына Греция аркылуу кирүүгө умтулган мигранттар жолундагы транзиттик өлкө. Акыркы бир айда эле Македония аркылуу Сирия менен Ооганстандан чыккан 39 миң мигрант өткөн.

XS
SM
MD
LG