Арсланбек Малиев жетектеген “Аалам” партиясы БШКга 134 талапкердин тизмесин тапшырды. Партия курултайын 18-августта өткөрүп, ага 75 делегат катышкан. Тизмедегилердин көбү коомчулукка анча белгилүү эмес адамдар. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева тизмеде 2-орунда.
Акыркы маалыматтар боюнча, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Азаттык”, “Бир Бол”, “Республика – Ата-Журт”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Улуу Кыргызстан” партиялары коюшту. Алардын ичинен “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, "Бир Бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары талапкерлер тизмесин тапшырышкан.
“Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Кыргызстан” жана “Аалам” партиялары шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен, күрөөгө тиешелүү акча коюша элек. (UEz)