Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектеги борбордук мечитте ажы башчыларга сапардагы коопсуздук, ажылык эрежелери, зыяратчылардын ажылык амалдары түшүндүрүлдү. Сауд Арабиясынын “Флай-Нас” авиакомпаниясы сапарга чыгаар күнү зыяратчылар беш саат мурун каттоого келиши керектигин, учуу убактысына бир саат калганда эшик жабыларын билдирген. Учактын ичинде зыяратчыларды жайгаштыруу тартиби, коопсуздук жана техникалык эрежелери тууралуу маалымат берилет. Ар бир ажы башчы өз тобуна кам көрүүгө милдеттүү.
Быйылкы ажылык сапар 25-августта башталат. Ажыга баруучу зыяратчылардын алдыңкы тобу 25-августта Медина шаарына Оштон учуп кетишет. Ал эми Бишкектен алгачкы каттам 27-августта учат. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда Мединага багыт алышат. Быйыл Сауд Арабиясынан ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 3685 орун бөлүнгөн. (TSh)