Баткен облустук ИИБнан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Сарахан Нурматованын Тажикстанда киши колдуу болуп өлтүрүлүп, талаага ыргытылган денеси табылган. Тажикстандык күч кызматтары учурда аялдын өлүмүнө шектүүлөр да кармалганын маалымдашты. Жергиликтүү ички иштер бөлүмү аялдын сөөгү жакындарынын колуна берилгенин билдирүүдө.
Баткен шаарынын 63 жаштагы тургуну Сарахан Нурматова 7-июнь күнү Тажикстандын Кожент шаарындагы дүң базарга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.(JsA;ZKo)