Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жаран оозун тигип алды


Бишкектеги №1 Тергөө абагында кылмышка шектүү катары камакта отурган Рахимжан Бурадинов Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине нааразылыгын билдирип, оозун тигип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны кылмыш ишин моюнга алдыруу үчүн кыйнашкан. Буга нааразы болгон Бурадинов 22-августта оозун тигип, каршылык акциясын баштаган. Бирок Жаза аткаруу кызматына 24-августта расмий билдирген. Ал жазган түшүнүк катта абактагы кызматкерлерге дооматы жок экенин, милиционерлердин жоругуна нааразылыгын белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG