Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

ЕБ Беларуста оппозиционерлердин боштондукка чыгышын кубаттайт


Европа биримдиги Беларуста оппозициянын алты өкүлүнүн боштондукка чыгарылышын кубаттап, муну “Минск менен биримдиктин ортосундагы мамиленин сезилерлик даражада алга жылуусу” деп сыпатташты. Алар эркиндикке чыккандардын саясий жана жарандык укуктарына коюлган чектөөлөр да алып салынарынан үмүт кылышарын билдиришти.

Беларус президенти Александр Лукашенко 22-август күнү эл аралык коомчулук тарабынан “абийир туткуну” деп баа берилип жаткан алты кишини бошоткон. Алардын арасында 2010-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Николай Статкевич да бар. Беш жыл абакта отурган Статкевичти жекшемби күнү Минкс вокзалында тарапкерлери гүл жана “Баатыр” деген жазуу менен тосуп алышты.

Президент Лукашенко саясий туткундары гумандуулук принциптеринин негизинде боштондукка чыгаруу чечимине келгенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG