Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Премьер-министр интернеттеги тасма боюнча Турганбаевге тапшырма берди


Өкмөт башчы Темир Сариев жол кайгуул кызматкерлеринин чатагы тартылып, интернетке тараган тасма боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Бул видео Ички иштер түзүмүнүн кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн эскерткен премьер-министр тасмадагы кызматкерлерди иштен бошотуп гана тим болбой, бардык наамдарынан ажыратууну тапшырды.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев менен Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкого тармактагы реформа жансыз жүрүп жатканын эскертип, тез арада реформалоонун майнаптуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Интернетте 22-августта тараган алты мүнөттүк тасмада Иса Шакирбай уулу аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш Жумашов аттуу кесиптешинин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт. Баласына болушкан экинчи кызматкер беркини оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тап берип жулунган.

ИИМдин Ош облустук жана шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси бул окуяга катышы бар төрт жол кайгуул кызматкерин (Жеңиш Жумашов, Иса Шакирбай уулу, Шымкар Чотонов, Данияр Акбарали уулу) 24-августта иштен бошотулуп, төрт жетекчиге сөгүш берилди. (SE)

XS
SM
MD
LG