Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Түркияда жаңы шайлоо расмий жарыяланары күтүлүүдө


Батыш маалымат агенттиктери билдиргендей, президент Режеп Тайып Эрдоган мөөнөтсүз парламенттик шайлоону бүгүн белгилейт жана шайлоо 1-ноябрга коюлат деп күтүлүүдө. Түркия мөөнөтсүз шайлоого коалициялык өкмөттү кура албаган соң барып жатат.

2002 –жылдан бери биринчи ирет бийликтеги АК партия быйыл июндагы шайлоодо парламенттен басымдуу көпчүлүктү алалбай койгон. Оппозициядагы башка партиялар менен коалициялык өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөр майнап бербей, бул үчүн берилген мөөнөт кечээ аяктады.

Жаңы шайлоо өлкөнүн түштүк –чыгышында кыянатчылыктар күчөгөн кезге туш келүүдө. Күрт согушкерлери менен элдешүү келишими бузулган июль айынын соңунан бери түрк армиясы Күрт жумушчу партиясы – ПККнын турумдарына 400дөн ашуун жолу абадан сокку урду. Өкмөт муну полиция менен жоокерлерге жасалган кол салууларга жооп чара катары сыпаттоодо.

Согушкерлердин кол салууларынан андан бери жүздөн ашуун киши өлдү. Бүгүн эле негизинен күрттөр жашаган Хаккари провинциясындагы Семдинли шаарчасындагы жарылуудан эки аскердин өмүрү кыйылгандан тышкары дагы үч жоокер жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG