Шаршемби - 26-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Төмөнтөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 15...20 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 12…14, күндүз 22…24 градус ысык болот.