Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Ысык-Көлгө кире бериштеги эко-бекетти кайра ачуу сунушталууда


Ысык-Көл облусунун кире беришиндеги экологиялык бекетти калыбына келтирүү зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкек тараптан баратканда облуска кире бериште жайгашкан "Ак кеме" экологиялык бекетинен жылына 12 миллион сом түшүп турчу. Ал акча көлдүн жээгин тазалоого, биосфераны жакшыртууга жумшалып келген.

"Бекетти алып салып жаткан учурда мындан ары каражат чек арадан алынаары айтылган. Тилекке каршы, чек арадан анча көлөмдө каражат топтолбойт. Туристтердин санына кубанганыбыз менен көл таштандыга толуп кетти", - дейт Эркингүл Иманкожоева.

Түшкөн каражат максаттуу пайдаланылбай жатат деген негизде экобекет 2013-жылы алып салынган. Ысык-Көлдүн коноктору экобекеттен өтүп жатып жеңил унаа үчүн 50 сом, жүк ташуучу машинелерге 100 сомдон, чет элдик жарандар унаасынын түрүнө карабай 500 сомдон төлөшчү.

XS
SM
MD
LG