“Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы адам укугуна арналган тасмалардын кезектеги фестивалына фильмдерди тандады. Он кишиден турган комиссия сунушталган 40 чет элдик фильмдин 20, 6 улуттук тасманын 4 фестивалга катышууга ылайыктуу деп тапты.
Тогузунчу ирет уюштурулуп жаткан “Бир дүйнө-Кыргызстан” эл аралык фестивалы 10-14-декабрда Бишкекте башталып, аймактарда уланат. Быйыл аялдар жана балдар темасы тандап алынган. (SE)