Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Асанов: БШК “Эгемен Кыргызстанды” каттоодон баш тартты


Бул тууралуу “Эгемен Кыргызстан” партиясынын теңтөрагасы Бектур Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн Боршайком партия талапкерлеринин тизмесин жана башка шайлоого тиешелүү документтерин кабыл алган:

- Бүгүн саат 16:05те документтерди кабыл алганы тууралуу маалымдамасы колубузда турат. Биз күрөө акчанын 700 миң сомун төккөнбүз. Биз Шайлоо кодексине ылайык, күрөө акчанын калганын документтер текшерилип бүткөнчө төгүп бүтөбүз. Азыр кайра БШКдан телефон чалып, “күрөө акчасын төкпөпсүңөр, документтериңерди алып кеткиле” деп атышат. Биз муну бийликтин жападан жалгыз оппозициялык “Эгемен Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбоо чечими деп түшүндүк.

Бектур Асанов эгер БШК партияны каттабаса, сотко кайрылышарын, сот адилет чечим чыгарбаса, парламенттик коалициялык көпчүлүккө жана оппозициялык фракцияларга кайрыларын, болбосо элге чыгарын кошумчалады.

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов болсо журналисттерге “Эгемен Кыргызстан” партиясы “мыйзамды туура эмес чечмелеп жатышат” деп билдирди. Анын айтуусунда, Шайлоо кодекси боюнча саясий партиялар шайлоого тиешелүү күрөөнү 25-августка чейин төгүүгө тийиш болчу.(ZKo;RK)

XS
SM
MD
LG