Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

“Башкарасуу” кудугу ишке киргизилет


Борбор калаанын түштүк-батыш аймагын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу кудуктун ачылышына арналган салтанат Бишкек шаар жетекчилигинин катышуусунда болмокчу.

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, суу кудукта 12 суу бургусу бар, алардын сегизи жаңыдан курулду. “Башкарасуу” Бишкектин 100 миңден ашуун киши жашаган түштүк-батыш тарабын, тагыраак айтканда, «Арча-Бешик», «Ак-Ордо», «Ак-Өргөө», «Чоң-Арык», «Ынтымак» жаңы конуштарын ичүүчү суу менен толук камсыз кылат.

“Башкарасуу” кудугу Сокулук районунун аты окшош айылында жайгашкан. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын 5 млн. долларлык колдоосу менен ишке ашууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG