Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

ЕККУ баш катчысы Кыргызстандагы шайлоо даярдыгына кызыкты


26-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун баш катчысы Ламберто Занньер баштаган делегацияны кабыл алды. Алар уюм менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты, эл аралык деңгээлде суроо жаратып жаткан диний радикалдашуу темасын талкуулашканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле күздө боло турган парламенттик шайлоого даярдык боюнча да пикир алмашуу болуп, ЕККУ шайлоо өткөрүүгө тиешелүү көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрүү жараянына ЕККУнун 22 байкоочусу 25-августтан тарта байкоо салууну баштады. Ал эми добуш берүү күнү уюмдун 350 байкоочусу иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG