Оштун Чоң-Алай районунда бүгүн түштөн кийин саат төрткө жакын күчү үч баллга жеткен жер силкинүү болду. Сейсмология институту жер титирөө очогу район борбору Дароот-Коргондон 42 чакырым алыста катталганын билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (SE)