Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аял өкмөт башчы, 65 жаштагы Тану 28-августта мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун күнүн жарыялашы күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Грекияда парламенттик шайлоо 20-сентябрда өтөт. Утурумдук өкмөт башчынын негизги милдеттеринин бири - кезексиз шайлоо өткөрүү.
Тану Грекия эл аралык каржылык жардамдарды алуу үчүн катаал экономикалык чараларды көрүүгө каршы пикирин билдирген саясатчы.
Мурдагы өкмөт башчы Алексис Ципрас 20-августта кызматын өткөрүп берген.