Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

“Автоледи Бишкек-2015” жыйынтыкталды


"Автоледи Бишкек-2015" сынагы
"Автоледи Бишкек-2015" сынагы

"Автоледи Бишкек-2015" сынагы соңуна чыкты. Бишкек шаардык милициясынын Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Атыр Бекмурзаеванын "Азаттыкка" айтымында, алгач сынакка жүздөн ашык айым катышууга арыз берип, калыстар тобунун кароосунан кийин 40 кыз-келин тандалып алынган. Биринчи турдан кийин алардын ичинен ону тандалган.

Конкурста айымдар өз автоунаасына кандай мамиле жасары, жол эрежесин билгени, айдоочулук тажрыйбасы боюнча сынактардан өтүп, жыйынтыгында Айсулуу Парманова жеңүүчү аталды.

Мындан сырткары төрт айдоочу айым “Таланттуу”, “Жагымдуу”, “Жылдыздуу”, “Креативдүү” жана номинацияларында жеңди.

Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган бул сынак өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата өткөрүлдү. Максаты - айдоочулардын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу, коом менен байланышты чыңдоо, кырсыктардын санын азайтып, аларды алдын алуу.

Иш-чараны уюштуруу милдетин Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматы колго алып, бир катар демөөрчүлөр колдогон. Жалпы байге фонду 1 миллион сомдун тегерегинде экени айтылды. (ZA)

XS
SM
MD
LG