Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Журналист Исмаилова соттогу акыркы сөзүн айтат


Журналист Хадижа Исмаилова
Журналист Хадижа Исмаилова

Бакудагы бүгүнкү сот жараянында журналист Хадижа Исмаиловага акыркы сөз берилери күтүлүүдө. Андан кийин сот өкүмдү ушул эле күнү жарыялашы, же ал башка күнгө белгилениши ыктымал.

Буга чейинки сотто прокурорлор журналистке каршы айыптоо корутундусун бүтүшүп, аны 9 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

“Эркин Европа жана Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова акча уурдаган, салыктан качкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган, деп айыпталууда.

Исмаилова өзүнө коюлган айыптардын бардыгы саясий жүйөөгө негизделип, бийликтер коррупциялык режимдеги схемалардын бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн өч алып жатканын айтып келет.

Жараян башталган 24-июлдан бери журналисттер, көз карандысыз байкоочулар сот залына киргизилген жок. Эл аралык Мунапыс уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп атаган. Журналисттерди коргоо комитети да Исмаилова кесиптик ишмердигинен улам соттолуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG