Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Ирсалбек Нурахмет балбан дүйнө чемпиондугунун коло байгесин утту


Эркин күрөштөн кадеттер арасында дүйнө чемпиондугу, 42 кг.салмактагы коло байген ээси Ирсалбек Нурахмет. 29-август, 2015-ж.
Эркин күрөштөн кадеттер арасында дүйнө чемпиондугу, 42 кг.салмактагы коло байген ээси Ирсалбек Нурахмет. 29-август, 2015-ж.

Кыргызстандык балбан Ирсалбек Нурахмет эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтында кабарланган. Маалыматка караганда, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана аялдар күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпиондугу Босния жана Герцеговина өлкөсүнүн Сараево шаарында 25-августтан 30-августка чейин өткөн.

Эркин күрөш балбаны Ирсалбек Нурахмет мелдештин бешинчи күнүндө 42 кг. салмакта күч сынашып, 4 беттеш өткөргөн. Алгач индиялык жана казакстандык атаандаштарын уткандан кийин жарым финалда ирандык Амирмохаммад Йазданичерати менен таймашкан. Эки балбандын күч сынашуусу 7:7 эсебинде тең чыгуу менен аяктаганы менен, калыстар акыркы упайга жетишкен Иран балбанына артыкчылык беришти. Андан соң коло байге үчүн күрөштө Ирсалбек өзбекстандык Ислом Илхомовго туш келип 4:2 эсебинде жеңип алган.

Күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 20 ашуун балбан катышкан. Алардын арасынан эркин күрөштөн 50 кг.салмакта Алмаз Сманбеков жана грек-рим күрөшүнөн 76 кг. салмакта Самат Салпиев дагы үчүнчү орун үчүн килемге чыгышып, тилекке каршы, атаандаштарына утулуп байгесиз калышты. (ECh.)

XS
SM
MD
LG