Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Аба ырайы: 1-сентябрда жаан жаабайт


1-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. 2-сентбярда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 3-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Ылдыйтан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

1-сентябрга карата абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Бишкекте 1-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 14....16 градус, күндүз 28....30 градус ысык болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG