Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Украин парламенти конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоду


Жогорку Рада депутаттары конституцияга өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилерге көбүрөк автономия бере турган түзөтүү киргизүүнү колдоду. Добуш берүүгө катышкан 368 депутаттын 265и биринчи окууда ага макул деп добуш берди. Долбоор Украина чыгышындагы Донецк менен Луганкс облустарынын жикчилер көзөмөлүндөгү аймактардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусуна айрым укуктарды берүүнү карайт.

Парламент эми бул өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуусу үчүн кеминде 300 депутат колдошу керек. Бүгүн парламентте долбоорго каршы ондогон депутат добуш берүү учурунда парламент трибунасын жаап салды. Парламент сыртында болсо ага каршы митингчилер полиция менен кагылыша кетти.

Мындай өзгөртүү киргизүүнү өлкө президенти Петро Порошенко сунуштап, 16-июлда парламент аны Конституциялык соттун кароосуна жиберүүнү колдогон. Президент Порошенко анда бул мыйзам долбоору айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай, Донбасска өзгөчө укук бербестигин, болгону Донецк жана Луганск облустарынын жергиликтүү башкаруу органдарына гана айрым укуктарды берерин, ал өзүнчө мыйзам менен аныкталарын айткан.

Конституциялык сот болсо өткөн ай соңунда конституцияга бийликти децентрализациялоого тиешелүү өзгөртүү киргизүүнү өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык келет деп тапкан.

XS
SM
MD
LG