Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Жогорку Кеңеш күзгү отурумга чогулду


Бүгүн Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы курамы жайкы эс алуудан кийин сессияга чогулду. Төрага Асылбек Жээнбеков шайлоону ачык жана таза өткөрүү тарыхый миссия экенин белгиледи. Анын айтымында, 120 депутаттын 92си ар кайсы партиядан шайлоодо ат салышат. Ал эми парламенттин мындан ары кандай иштей турганы Координациялык кеңештин жыйынында чечилет.

Депутаттар айрым талаш жараткан мыйзамдарды күзүндө талкуулап, добуш берүүгө алып чыгуу чечимин кабыл алып, 1-июлда эки айлык эс алууга кеткен.

Азыркы Жогорку Кеңештин курамы 2010-жылы шайланган. Быйыл алардын депутаттык мөөнөтү аяктайт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG