Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Сот Жемилевдин уулунун жазасын жеңилдетти


Хайсер Жемилев
Хайсер Жемилев

Орусиянын Жогорку Соту Крым татарларынын лидери, украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилевдин уулу Хайсердин өкүмүн жеңилдетти. Анын адвоакаты Николай Полозовдун билдиришинче, сот "кокустан адам өлтүрүп алган" деген айып менен Хайсер Жемилевди беш жылга кескен буга чейинки өкүмдү үч жарым жылга чейин кыскартты.

Бүгүнкү сотто адвокат Хайсер Жемилевге алгачкы жаза Украинада берилгенин, бирок Крым Орусия тарабынан аннексияланган соң иш Краснодар сотуна өткөнүн айтып, өкүмдү толук жоюуну сураган. Айыптоочу тарап эл аралык мыйзамдар бузулбаганын жана орус тергөө органдары бул кылмыш иши менен тергөө учурунан баштап таанышканын айтты.

Июнь айында Краснодар крайынын соту Хайсер Жемилевди "кокустук менен киши өлтүрүү жана курал-жарак сактоо" беренелери боюнча айыптуу деп таап беш жылга кескен. Муну менен ага тагылган башкы айып - өмүр бою эркинен ажыратуу каралган атайлап киши өлтүрүү беренеси алынып салган.

Тергөө маалыматына караганда, Хайсер Жемилев 2013-жылдын майында Бахчисарайдагы өз үйүнүн жанында куралга кылдат мамиле жасабай, бир таанышын кокустан өлтүрүп алган. Соттук териштирүүдө ал күнөөсүн толук мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG