Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Кытай армиянын санын кыскартат


Кытай армиясы
Кытай армиясы

Параддын ачылышында сөз сүйлөгөн Кытайдын төрагасы Си Цзинпин армиянын саны 300 миң кишиге кыскарарын айтты. “Биз тарыхтан сабак алып, дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты сактоого милдеттүүбүз. Согуш – бул тынчтык канчалык маанилүү болгонун түшүнүүгө жардам берген сабак”, - деди Си Цзинпин.

Бүгүн Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналган аскерий парад өттү. Ага Кытай буга чейин эч кимге көрсөтө элек аскерий техникасынын 84% алып чыкты. Аянттын үстүнөн аскер командалык пункттун тобу жана алдын ала эскертүүчү учактар, алардын катарында алдын ала эскертүүчү КJ 500 учагы, төрт J-10 жана төрт J-11 истребители учуп өттү. Мындан тышкары параддан 10 миң жоокер өттү. Алардын миңи – чет өлкөлүк жоокерлер.

Булардын катарында Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 74 жоокери да кыргыз туусун көтөрүп өтүштү. Кытай тарап парадга 40 түрлүү 500 техниканы, 20 түрлүү 200 учакты алып чыкты. Биринчи жолу парадга ардактуу кароолдун аялдар бөлүгү да катышты. Бул үчүн бою 1 метр 78 сантиметрден кем эмес кыз-келиндер тандалып алынган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG