4-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жүрүшү мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын болот. Төмөнтөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Бишкекте 4-сентябрда түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Ылдыйтан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8....10 градус, күндүз 20....22 градус жылыйт. (КЕ)