Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Сузак: көчкүдөн жабыркагандарга жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды


Райондун Жашасын айылында президенттин резервдик фондунан каржыланып курулган сегиз үйдүн ачкычын бүгүн өз ээлерине Жогорку Кеңеш спикери Асылбек Жээнбеков тапшырды. Президенттин атынан спикер жашоочуларды сабырдуулукка чакырып, мамлекет дайыма муктаждарга көңүл бурарын билдирди.

Президенттин фондунан 11,4 млн. сом бөлүнүп курулган үйлөр эки ай аралыгында ӨКМ тарабынан курулуп бүткөрүлдү. Иш-чара учурунда көчкү жүргөн аймактагы дагы эки үй-бүлөгө көчүп келүү үчүн жер тилкеси берилди. Ушул жылдын 24-майында сузактын Кыр-Жол айылында тоо боорунан жер көчүп, беш үйдү басып, алты адам каза тапкан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG