Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Дүйшөмбү: таңкы чабуулдарда 10 адам өлгөнү тастыкталды


4-сентябрда таң эртең Душанбе шаардык аэропортуна кеткен жолдогу аткылашууда ОМОНдун эки жоокери жана МАИнин бир инспектору окко учту. Ок жеген эки милиционердин абалы оор. Уруш болгон жердеги Каратегин маалеси курчоого алынып, милициягы кол салган үч куралчанды үймө-үйиздөөдө.

Бүгүн багымдатта куралчандар тобу Душанбеден 20 км чыгыштагы Вахдат шаардык милицияканасына да чабуул жасашты. ИИМнин жооптуу кызматкеринин “Азаттыкка” маалымдашынча, салгылашууда беш милиционер, куралдуу топтун жетекчиси Зиевиддин Абдуллаев жана анын бир жигити набыт болгон. Үч куралчан жаракат алган. Ырасмий билдирүүгө караганда, чабуулду Абдуллаев башындагы кылмыш тобу уюштурган.

Милициянын айтымында, эки чабуулдун ортосунда эч кандай байланыш жок.

XS
SM
MD
LG