Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Казакстанда бензин баасы кескин көтөрүлөт


Казак өкмөтү мындан ары күйүүчү майлоочу майга бааны мамлекет тарабынан жөнгө салуудан баш тартты. Мындай билдирүүнү өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Бакытжан Сагинтаев Астанада жасады. Анын ырасташынча, теңге эркин агымга коё берилгенден кийин, бензин баасында кыйынчылыктар жаралды. Казак өкмөтү бензин баасын жасалма жол менен кармоону токтотпосо өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жараларын вице-премьер-министр атайын белгиледи.

“Казакстан 20-августка чейин Орусиядан бензинди 97 теңгеден алып, 108 теңге менен сатчу. Ал маалда эски курс менен эсепти жүргүзүп келгенбиз. Учурда теңгени эркин агымга коё бергенден бери, бензиндин литри 120 теңгеге чыкты. Алдыңкы күндөрдө чыгаша үчүн эч ким бензин ташыбай калат”, - деди Сагинтаев.

Казакстандын энергетика министри Владимир Школьник алдыда бензиндин литри 140-150 теңгеге чыгарын билдирди. Казак бийлиги жогорку октан бензин жана дизель майын Орусиядан импорттоп, тартыштыкты жаап келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG