Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Батыровдун университети милицияга өткөрүлүп берилди


Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыровго тиешелүү Элдердин достугу университетинин имараты толугу менен Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу облустук ИИБнын бөлүм башчысы Азатбек Козубаев «Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн июнь окуясында өрттөлүп, кароосуз калган имаратта милиция кызматкерлери тазалоо иштерин башташты. Мамлекеттик мүлк фондунун чечимине ылайык жакынкы күндөрү имаратка облустук милиция жайгашат.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ага тиешелүү 28 объект сот аркылуу мамлекет карамагына чегерилген. Батыров өзүнө тагылган айыптарды ушу күнгө чейин четке кагып келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG