5-сентябрдын кечинде тажик президенти Эмомали Рахмон орус президенти Владимир Путин менен өлкөдөгү кырдаал тууралуу сүйлөштү. Тажикстандын президентинин сайты маалымдагандай, телефон аркылуу толук маалыматты алган соң, Путин өлкөдө туруктуулукту орнотуу үчүн Тажикстандын өкмөтүнө жардам берүүгө даяр экенин айтты. Эки өлкөнүн президенттери Дүйшөмбүдө өтө турган ЖККУнун отурумунда жолугушуу уюштурууга токтолушту.
Ал ортодо “Азаттыктын” тажик кызматы маалымдагандай, 5-сентябрда Дүйшөмбүдө бир милиция кызматкери өлтүрүлдү.
Мындан башка Тажикстандын борборуна Вахдат шаары тарабынан кире бериште МАИ бекетине куралдуу кол салуу болду. Атышуу учурунда жабыр тарткандар болгон жок. Чабуул кечки саат 17:50дө орун алды.
Белгисиз адамдар Вахдат шаарына автоунаа менен качып кетишти, күч кызматкерлери аларды кууп жөнөдү, - деп айткан өздүк булак.
Азырынча расмий бийлик бул фактылардын 4-сентябрдагы окуяларга тиешеси бар же жогу боюнча эч нерсе билдире элек. (SDz)