Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына киришти


АКШнын Кыргызстандагы кезектеги элчилик кызматын аткаруу үчүн Шейла Гуолтни 5-сентябрда Бишкекке келди.

Элчиликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Барак Обама 28-августта Гуолтнини элчи кылып дайындаган.

Шейла Гуолтни 1999-жылдан 2002-жылдар аралыгында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде дипломатиялык миссиянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

"Мен буга чейин сиздердин ажайып кооз өлкөңөрдө иштеп кеткем. Кайрадан элчи катары бул жерде иштөө мен үчүн чоң сыймык. Манастын эли, Ала-Арчанын жана Ысык-Көл кооздугу, Сулайман тоонун өзгөчөлүгү менин жүрөгүмдө өзгөчө орунда болуп келген. Бул өз кезегинде сиздердин өлкө менен бизди жалпылаган көп нерсе бар экенинен кабар берет", - деди элчи.

Гуолтни АКШ менен Кыргызстандын акыркы жыйырма жылда калыптанган алаканы жайылтууга кызыкдар экенин кошмчалап, президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамотасын тапшырууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады.

Шейла Гуолтни Кыргызстандагы буга чейинки элчи Памела Спратлендин ордуна келди. (SDz)

XS
SM
MD
LG