Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Турдакун Усубалиев каза болду


Турдакун Усубалиев
Турдакун Усубалиев

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев бүгүн 96 жаш курагында оорудан улам кайтыш болгонун “Азаттыкка” небереси Эрмек Усубалиев билдирди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Бишкектеги Тарых музейинде өткөрүү пландалууда. Өкмөт коштошуу жыйынын уюштуруу үчүн комиссия түздү.

Турдакун Усубалиев Кыргызстандын 1-катчысы болуп, 1961-жылдан 1985-жылга чейин, башкача айтканда, дээрлик чейрек кылым өлкөнү башкарган.

Маркум 1919-жылы Кочкордо туулуп, 1941-жылы - Фрунзедеги мугалимдер институтун аяктаган. Ошол жылы партиялык карьерасын баштаган. Согуш бүтөр жылы Москвага, КПСС Борбордук комитетине инструктор болуп барган. Андан соң “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакторунан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысына чейин көтөрүлгөн. Ал эми Турдакун Усубалиев Кыргызстандын партиялык жетекчиси болгон жыл - 1961-жыл эле.

2014-жылы 95 жылдык маарекеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген.

Турдакун Усубалиевдин өмүр-таржымалына арналган баянды бул шилтемеден окуңуз. (SE\JM)

XS
SM
MD
LG