Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Самаковдун жери боюнча өкмөттүн токтому жокко чыгарылды


Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүндөгү депутат Карганбек Самаковго таандык 260 гектардан ашуун жер тууралуу өкмөттүн токтому жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Башкы көзөмөл органы документти жокко чыгаруу сунушу менен кайрылган эле.

Айтылып жаткан токтомдо өкмөт 2008-жылы 262.3 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине өзгөртүү чечимин кабыл алган. Бул өз кезегинде депутат Карганбек Самаковго каршы кылмыш ишин козгоого негиз болгон. Жерлерди мыйзамсыз менчиктештирип алган деп Самаков быйыл 14-майда УКМКнын тергөө абагына камалган. 17-майда сот аны эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгарган. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG