Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

ЕАЭБ: Өкмөт башчылар эл аралык кызматташтыкты талкуулайт


Эртең, 8-сентябрда Беларустун Гродно шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммити өтөт. Кыргызстандан анын ишине өкмөт башчы Темир Сариев баштаган делегация катышат. Күн тартибинде өнөр жай саясатын координациялоо, макроэкономикалык жана каржылык туруктуулукту камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилени өнүктүрүү маселелери бар.

​Жыйынтыгында интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында биргелешип иштөө тууралуу келишим жана товарларды идентификациялык белги менен маркировкалоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюлат. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG