Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Назарбаев өкмөттүн бензин баасын эркин койо берүү чечимин колдоду


Казак президенти Акмоло облусун кыдыруу учурунда бензин баасынын өсүшүн “экономиканын мыйзамы” деп атады жана казак өкмөтүнүн бааны тескөөдөн баш тартуу чечимин колдоду.

Бул тууралуу жергиликтүү Тengrinews агенттиги билдирди.

Назарбаевдин айтымында, эгер өкмөт бааны тескөөдөн баш тартпаса, Казакстанда бензин таңкыстыгы жаралмак.

Казакстандын өкмөтү бензиндин АИ-92/94 маркаларынын баасына эми мамлекеттик тескөө болбой турганын өткөн жума күнү жарыялаган. Өкмөт өз чечимин улуттук акча –теңгенин курсу эркин койо берилгенине байланыштырды.

Учурда Алматынын май куюуучу жайларында АИ-92/94 маркасындагы бензиндин бир литри 125-129 теңгеден сатылууда.

Казак өкмөтүнүн биринчи вице-премьери Бакытжан Сагынтаевдин билдиргенине караганда, мурда Казакстан Орусиядан бензиндин бир литрин 97 теңгеден алып, кайра өлкө ичинде 108 теңгеден сатып келген. (UE)

XS
SM
MD
LG