Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Ноокатта КСДП жыйынынан кийин чыккан жаңжал иликтенүүдө


Оштун Ноокат районунда 5-сентябрь күнү Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жыйынынан кийин жаңжалдашкандар эч бир саясий партияга тиешеси жок экенин Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдирди.

Мурдараак коомчулук арасында тараган кабарда Ноокатта КСДП жана “Өнүгүү” партиясынын өкүлдөрү жаңжалдашып, травматикалык тапанча колдонгонго чейин барышканы айтылган эле.

Аширбаевдин айтымында, ал күнү КСДПдан шайлоого талапкер болуп катталгандар эл менен жолугушуу өткөргөндөн кийин айыл башчы болуп иштеген Абдыкалык Эсенгулов аттуу жаран менен Эгемяр Мирзалиев аттуу тургун жаңжалдашып кеткен. Эгемяр Мирзалиев травматикалык курал колдонгон. Күч органдары текшерүү жүргүзгөн учурда анын куралды алып жүрүүгө уруксат кагазы бар экени аныкталган. (JM\SE)

XS
SM
MD
LG