Жогорку Соттун Конституциялык палатасында бүгүн биометрика боюнча арыз каралып жатат. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз экенин айтып, укук коргоочу Нурбек Токтакунов менен бирге сотко быйыл май айында кайрылган. Бирок сот жараянына негизги баяндамачы катары катышкан судья Клара Сооронкулованын билдирүүсүнөн кийин бул иш каралбай калган.
Сооронкулова жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн иштен алынган.
Бүгүнкү отурумда Токтакунов төрагалык кылуучу судья, Конституциялык палатанын башчысы Мукамбет Касымалиевдин бейтараптуулугу күмөн жараткандыктан ага ишеним көрсөтпөө, ал эми Үмөталиева каралып жаткан маселе боюнча Венеция комиссиясынын пикирин билүү өтүнүчтөрүн келтиришти. Бирок судья эки талапты тең канааттандыруудан баш тартты.
Жараян ушу тапта уланууда.
Кыргызстан бийлиги шайлоочулардын добуш берүүсүн биометрика аркылуу уюштуруу быйыл 4-октябрда жана 2017-жылы өтө турган шайлоо өнөктүктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуучу негизги механизм экенин айтып келет. Бирок бул жаатта учурда көптөгөн техникалык, уюштуруучулук проблемалар чыгууда. (RK)