Ош шаарынын Жылуулук борборунун (ТЭЦ) бухгалтерлери соңку беш жылдан бери иштен кеткен жана каза болгондордун атына айлык акы жазып, кызматкерлерге берип жүрүшкөн. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада мамлекетке 873 миң сом зыян келтирилген.
Факт боюнча УКМКнын Оштогу башкармалыгы кылмыш иш козгоду, тергөө жүрүп жатат. (RK)