Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Учурда коопсуздук жабдууларын жолдун кайсы жерине орнотуу маселеси каралууда.Мындай чечим Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургундары Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздук чараларын күчөтүү талабы менен 9-сентябрда нааразылык акциясын уюштургандан соң кабыл алынды.
8-сентябрь күнү Кара-Сууда мектепке бараткан 1-класстын окуучусун машине койдуруп кетип, жеткинчек каза тапкан.
Облус боюнча Ош-Бишкек канжолдун боюнда 23 мектеп бар. (YI)