Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Иракта министрлердин орун басарларынын саны азайтылды


Өкмөттүк мекемелердеги сапатсыз тейлөөгө жана коррупцияга каршы демонстрация. Багдад, 28-август, 2015-жыл
Өкмөттүк мекемелердеги сапатсыз тейлөөгө жана коррупцияга каршы демонстрация. Багдад, 28-август, 2015-жыл

Ирактын премьер-министри Хайдар Абади министрлердин орун басарлары жана өкмөттүк компаниялардын директорлору болуп, 123 кызмат ордун кыскартты. Алар өкмөттүк кызматтардагы коррупция жана жоопкерсиздик менен күрөшүү боюнча реформанын алкагында жумуштан кетти. Өткөн айда Ирактын бир катар шаарларында бийликтеги коррупцияга жана кененчиликке каршы бир нече күн бою миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өткөн.

Ошондон кийин премьер-министр Абади бир нече багытта реформа жарыялап, өкмөттүк кызматтарды кыскарта баштаган. Үч вице-президенттин жана үч вице-премьердин орду жоюлуп, министрлер кабинети үчтөн бирге кыскартылган. Саясатчыларды кайтарган күзөтчүлөргө казынадан акча төлөө токтотулган.

XS
SM
MD
LG