Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Европарламентарийлер Бакуну бийликтеги коррупцияны ачык иликтөөгө чакырды


Президент Илхам жана зайыбы Алиев Мехрибан Алиева Франция мамлекеттик "Ардактуу легион" ордени менен сыйлангандан кийин. Баку, 7-октябрь, 2011-жыл.
Президент Илхам жана зайыбы Алиев Мехрибан Алиева Франция мамлекеттик "Ардактуу легион" ордени менен сыйлангандан кийин. Баку, 7-октябрь, 2011-жыл.

Европарламент азери өкмөтүн журналист Кадича Исмаилова жана башка активисттерди, адам укугун коргоочуларды жана адвокаттарды тезинен абактан бошотууну талап кылган резолюция кабыл алды. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Исмаилова салык төлөбөгөн, кызматын натуура пайдаланган, мыйзамсыз ишмердик кылган деп, 1-сентябрда 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар Кадича Исмаилова жогорку өкмөттүк эшелондогу коррупцияны изилдеген макалалары үчүн соттолду деп санашат.

Евробиримдиктин миграция, ички иштер жана жарандык боюнча комиссары Димитрис Аврамопулос Страсбургдагы жыйында сүйлөп: "Азербайжан Улуттар Уюмунун, Европа Кеңешинин, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мүчөсү ирети сөз эркиндиги, уюмдарга биригүү, мыйзамдын аткарылышын көз карандысыз иликтөө, соттордун ачык жана калыс өткөрүү маселесинде эл аралык милдеттенмелерин аткарганын каалайбыз", - деди.

Европарламент президент Алиев жана анын жакын чөйрөсүндөгү коорупция фактыларын да ачык иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG