Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленет


Иш чара 11-12-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Салтанатта “Кыргызфильм” киностудиясы тарткан Төлөмүш Океев тууралуу тасма көрсөтүлөт, белгилүү кинорежиссердун өмүрү, чыгармачылыгына арналган сүрөттөр, тасмалар коюлат.

"Ала-Арча" көрүстөнүндөгү Океевдин мүрзөсүнө гүл коюлат.
Салтанаттуу иш чарага Түркмөнстан, Өзбекстандан Океевдин замандаш кесиптештери чакырылган.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкары Төлөмүш Океев “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, "Көк серек", “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Кожожаш” деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан.

Ал 1935-жылы 11-сентябрда Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG