Берлинде Германия, Украина, Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлери жолугушуп, Донбасстагы жаңжалды чечүү жолдорун талкуулады.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун белгиледи. Ал кесиптештери менен сүйлөшүү учурунда көп иштер алдыга жылганын жана жакын арада чектеш аймактан курал-жаракты чыгарып кетүү маселеси чечилет деп ишенерин айтты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров конституциялык реформа жана Донбасстын макамы боюнча пикир келишпестиктер болгону менен бул жолку сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнүн белгиледи. Ал жогорудагы маселелерди да чечсе болорун айтты.
Германия, Украина, Орусия жана Франциянын президенттери ушул эле форматта Парижде 2-октябрда жолугат. (КЕ)