Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Кыргызстандан ажыга баруучуларга кошумча 500 орун берилди


Меке шаары.
Меке шаары.

Сауд Арабия падышачалыгы Кыргызстандан ажыга баруучулар үчүн дагы 500 квота берди. Буга чейин 3685 орун каралган. Кыргыз тарап кошумча квота берүү суранычы менен кайрылган. Ага макулдук берген жооп 10-сентябрь күнү кечинде гана келген.

Зыярат амалдарына байланыштуу Сауд Арабия 16-сентябрда сырттан келген авикаттамдарды кабыл алууну убактылуу токтотот. Ага чейин дагы 500 кишини жөнөтүү үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы дем алышсыз иштеп жатканын муфтийдин орунбасары Замир ажы Ракиев “Азаттыкка” билдирди.

Ажыга баруу үчүн мурда каттоого алынган 3685 кишинин баары Сауд Арабияга учуп кеткен. Ушул күндөрү муфтий Максатбек ажы Токтомушев зыяратка аттанган кыргызстандыктар менен Мекеде жолугушуп, шарият амалдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн жумада Мекедеги ири мечитте шамалдан улам кран кулап, жүздөн ашуун адам өлгөн. Арасында кыргызстандыктар жок. (SE)

XS
SM
MD
LG