Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Грецияда деңиз жээгинен 28 качкындын сөөгү табылды


Мамлекеттин суу жээгин көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, Фармакониси аралында деңиз жээгинен 28 адамдын денеси табылды. Арасында балдар да бар. Жекшемби күнү алар келаткан кеме кырсыкка кабылганы айтылууда. Маркумдар кайсыл мамлекеттин жараны экени азырынча белгисиз.

Куткаруучулар суудан 68 адамды тирүү алып чыгууга жетишти. Дагы 30 киши өз күчү менен жээкке сүзүп келген.

Эл аралык миграция уюмунун эсебинде быйыл Жакыңкы Чыгыштагы согуш тутанган аймактардан жана Африкадагы айрым мамлекеттерден Жер ортолук деңизи аркылуу Европа континентине 430 миңден ашуун мигрант өттү. 2748 киши түрдүү кырсыктардан улам каза болду. Көпчүлүгү дайынсыз жоголду. (SE)

XS
SM
MD
LG